Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Жапаров: Мурда чечим 2-3 жерде кабыл алынып, ага президенттин үй-бүлөсү дагы катышкан
19.08.2024 | 11:49
Мурда өлкөдө 2-3 башкаруу борбору түзүлгөн. Бул тууралуу министлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациясынын жыйынында билдирди.
Ал өкмөт, президенттин администрациясынан сырткары, үй-бүлөсү жана жакындары дагы өзүнчө бийлик органы катары башкарууга кийлигишип келгенин айтты.
“Эч ким чечим кайсы жерде кабыл алынып жатканын түшүнө алчу эмес. Садыр Жапаров чечкиндүүлүк менен аларды жоюп, президенттин администрациясына бириктирди. Бул ашыкча бюрократияны дагы жойду”, – деди Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы жетекчилерди так жана 100 пайыз натыйжалуу иштөөгө чакырды.
“Сиздердин чечимдер хирургиялык бычак сыяктуу так болушу керек. Алсыз жана өзүнө ишенбегендерге биздин арабызда орун жок”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат