Бишкекте көчөдөн ток урган 9 жашар бала каза болдуБишкекте кытайлык сүрөтчүлөр катышкан «Айыл» эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылат3-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, айрым аймактарда жаан жаайтЫсык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттүШвециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти«Аэро Номад» 3-августтан тарта Бишкек–Үрүмчү багыты боюнча түз аба каттамдарын ачат
Жапаров президентик шайлоодо утуп келсе Бабановду кызматка алабы? – Жооп
12.11.2020 | 15:23
Өмүрбек Бабановду кызматка алуу боюнча сүйлөшүү болгон жок. Бул тууралуу 12-ноябрда басма сөз жыйынында президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров “Репортёрдун” суроосуна жооп берип жатып айтты.
Журналист ага “Бабанов сиз менен сүйлөшүүдөн кийин сиздин талапкерлигиңизди колдой турганын билдирди. Эгерде сиз президентик шайлоодо утуп келсеңиз ага кандай кызмат бересиз?” деген суроо берген.
“Мага бир эле Бабанов эмес, бир топ саясатчылар келип жатат. Ким болбосун жардам берели деп келгендерге эшигим ачык. Менин аракетим аларды акаевчи же бакиевчи деп бөлбөстөн бир колго топтогонго аракет кылып жатам. Ал эми Бабановду кызматка алуу боюнча сүйлөшү болгон жок.”, – деп жооп берди Жапаров.