Жапаров Путинден маселелерди телефон аркылуу талкуулоону суранды

Жапаров Путинден маселелерди телефон аркылуу талкуулоону суранды

Президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстан Орусия үчүн дайыма ишенимдүү өнөктөш болорун билдирди. Бул тууралуу ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын онлайн саммитенде айтты.

“Биз эки өлкө ортосундагы саясый байланыштардын, экономикалык жана маданий кызматташтыкты мындан ары да  ырааттуу негизде улантабыз.  Алдыдагы кызматташтык боюнча бир катар актуалдуу маселер бар, аларды телефон аркылуу талкуулоо мүмкүнчүлүгүн суранат элем”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Орусиянын төрагалыгы астында өтүп жаткан ШКУнун кезектеги онлайн  саммитине уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары катышууда. Жыйында негизинен коронавирус пандемиясына байланыштуу маелелер, жана регионалдык актуалдуу маселелер талкууланууда.

Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө өлкөлөр –  Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. Байкоочу мамлекеттер: Афганстан, Беларус, Иран, Монголия.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>