Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Жапаров Сауд Арабиясына жана Бахрейнге расмий сапар менен барат
07.08.2022 | 15:46
Президент Садыр Жапаров күзүндө Сауд Арабиясына жана Бахрейнге расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, учурда расмий сапарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
“Расмий сапардын жыйынтыгы менен бир топ келишимдерге кол коюлат”, – деди ал.
Аны менен бирге Марипов быйыл 23-ноябрда Эр-Рияд шаарында Сауд Арабия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтөрүн билдирди. Анда соода-экономикалык, билим берүү, айыл чарба тармактарында кызматташуу маселелери каралат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом