Жапаров: Тажикстан менен чек араны чечүү аракети көрүлүүдө

Жапаров: Тажикстан менен чек араны чечүү аракети көрүлүүдө

Министрлер кабинетинин ар бир аймак боюнча ачык жана так пландары бар. Бул тууралуу төрага Акылбек Жапаров Оштогу Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатта айтты.

Ал шаардын аянты 2,5 эсеге кеңейип, элинин саны 100 миң адамга көбөйгөнүн белгиледи.

«Дүйнөлүк жаңы мейкиндиктерди ачкан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – транзиттик ири долбоор, Ош шаары – бул жолдо тосуп алчу биринчи дарбаза болот. Урматтуу Ош шаарынын тургундары, шаар мэриясынын эң сонун пландары бар. Ар бир жетекчи менен ынтымакташып иштешесиздер деп ишенебиз. Ош шаары заманбап шаар болот” — деди ал.

Ошондой эле Акылбек Жапаров чек ара, аймактык бүтүндүк тууралуу айтып, алар көздүн карегиндей сакталарын билдирди.

“Быйыл кыргыз-автономиялуу облус болгонубузга 100 жыл болот. Мамлекети бар – бул чоң бакыт! Бүгүн кошуналар менен чек аралар такталып, чечилип жатат. Садыр Нургожоевич менен – боордош Өзбекстан мамлекети менен 30 жылда чечилбеген чек арабыз 100% чечилди. Тажикстан мамлекети менен да – күнүгө бир метр жердин маселесин чечүүнүн үстүнө тынымсыз иштер болуп жатат. Ар дайым Ата Мекенибизде тынчтык болсун”, — деди МинКаб Төрагасы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>