Жапаров: Улукбек Кочкоров жумушсуз калбайт

Жапаров: Улукбек Кочкоров жумушсуз калбайт

Улукбек Кочкоров жумушсуз калбайт. Бул тууралуу президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунда эл менен жолугушуусунда суроолорго жооп берип жатып айтты.

Ал ошондой эле Айыл чарба министри болгон Тилек Токтогазиевди дагы кызматка өзү чакырганын белгилеп өткөн.

“Тилек Токтогазиевди кызматка чакырып, министрликти тартып кетесиз деп айттым. Мени биринчи күндөн тартып сындап баштаган Сурабалдиеваны дагы өзүм чакырдым. Ал учурда вице-премьер-министр”, – деген Жапаров.

Белгилей кетсек, президенттин басма сөз кызматы “Улукбек Кочкоров берген арызына ылайык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду” деп 27-октябрда маалымат тараткан.

29-октябрда Кочкоров “Фейсбуктагы” баракчасына видео кайрылуу жүктөп, “өз арызым менен жумуштан кеткеним жөнүндө сиздер сыяктуу эле мен да интернеттен билдим” деген.

Өлкөдөгү саясий кризиске себепчи болгон 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого Кочкоров бийликтин “Биримдик” партиясынын алдыңкы тизмеси менен барган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>