Жапаровду өзбекстандык кесиптеши Акылбек-ака деп атады

Жапаровду өзбекстандык кесиптеши Акылбек-ака деп атады

Ташкент шаарына жумуш сапары менен барган министрлер кабинетинин төрагасы, Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Өзбекстандын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолукту.

Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле буга чейинки сапарлардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун мөөнөтүн белгилешти.

Президенттик аппараттын жетекчилери алдыда өтө турган II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун бай программасын жана мазмунун канааттануу менен белгилешти.

Министрлер кабинетинин башчысы Өзбекстандын эбегейсиз инвестициялык потенциалын эл аралык бизнес коомчулугуна көрсөткөн эффективдүү аянтчаны түзгөн бул масштабдуу форумга даярдыктын жогорку уюштуруу деңгээлин белгиледи.

Сардор Умурзаков жогорку деңгээлде болуп өткөн сапарлардын жыйынтыктары Кыргызстан менен Өзбекстандын  кызматташтыгын динамикалуу өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө олуттуу түрткү бергенин айтты.

“Менин бир агам бар экенин кесиптештериме айтып келем – ал улуу агам Акылбек-ака. Бул жолку сапарыңыз менен сиз эки тараптуу мамилелердин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлин жана сапатын дагы бир жолу ырастадыңыз”, — деди Сардор Умурзаков.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>