Сот «Азаттыкты» ММК катары ишин токтотуу чечимин чыгарды

Сот «Азаттыкты» ММК катары ишин токтотуу чечимин чыгарды

Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн, 27-апрелде «Азаттык Медианы» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, «Азаттыкты» жабуу арызы менен сотко Маданият министрлиги кайрылган.

«Азаттык Медиа» мекемесинин жалпыга маалымдоо каражаты катары иши токтотулду. Соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек. Чечимге апелляциялык тартипте 30 күн ичинде арызданууга болот», — деп билдирет шаардык сот.

Эскерте кетсек, былтыр 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Ага «Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы — «Настоящее время» телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда 2021-жылы кабыл алынган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат.

Быйыл 23-январда министрлик «Азаттыкты» жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу арызы менен сотко кайрылганы белгилүү болгон.

«Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

Бир катар эл аралык уюмдар, коомчулук «Азаттыкты» жабуу аракетин сынга алып, Кыргызстандагы сөз эркиндикке карата кысым катары баалап келишет.

Министрлик “Азаттыктын” сайтын мыйзамсыз жапты, — Интерньюс

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>