Токмок: Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган адам кармалды

Токмок: Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган адам кармалды

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Reporter.kg’ге Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, уурулукка шектүү делип Токмок шаарынын 39 жаштагы Г.У. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.

Буга чейин ИИМ аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Ошондой эле, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттин комитетинин жыйынында мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдаган кылмышкер жакында кармаларын билдирген болчу.

 

Эскерте кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга 115,5 миң сом топтоп берген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>