«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй башкармалыгынын кызматкерлери пара менен кармалды
15.05.2026 | 14:57

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ишкерлерден пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, 13-майда экологиялык экспертизанын оң корутундусун берүү үчүн ири өлчөмдөгү пара алып жаткан учурда аталган башкармалыктын кызмат адамдары 61 жаштагы О.М.К. жана 34 жаштагы Д.О.М. кармалды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган О.М.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Д.О.М. өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулду. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар