«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Быйыл 11-классты 80 миңден ашык окуучу аяктап жатат
15.05.2026 | 15:15

2025–2026-окуу жылында Кыргызстанда жалпы билим берүү мектептеринин 11-классын 80 миң 829 окуучу аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу 289 окуучуга көп. 2025-жылы мектепти 80 миң 540 окуучу бүтүргөн.
Быйыл 9-классты аяктап жаткан окуучулардын саны 135 миң 979ду түзөт. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1 298 окуучуга көп.
Эске салсак, быйыл республиканын бардык мектептеринде «Акыркы коңгуроо» иш-чарасы 29-майда өткөрүлөт. Агартуу министрлиги иш-чаранын датасы жазгы каникулдун узартылышына байланыштуу жылдырылганын билдирген.