Россиядан 1 000 тоннадан ашык азык-түлүк БУУнун ДАП линиясы боюнча Кыргызстанга келди

15.05.2026 | 14:47

Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларга 1 067 тонна көлөмүндөгү гуманитардык жардамдын жаңы партиясы жеткирилди. Азык-түлүктөр республика боюнча калктын аялуу катмарын колдоо үчүн Россия Федерациясы тарабынан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына (БУУ ДАП) кайтарымсыз негизде берилди.

Жардам Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин программаларынын алкагында 18 000 бенефициардын (алуучунун) арасында бөлүштүрүлөт. Ирригациялык тармактарды, суу менен камсыздоо тутумдарын калыбына келтирүүгө жана дарыя жээктерин бекемдөөгө катышкан үй-бүлөлөргө 300 килограммдан байытылган ун жана 30 литрден өсүмдүк майы берилет. Ошондой эле майыптыгы бар адамдарды жана кесиптик тренингдердин катышуучуларын колдоо каралган.

Россия акыркы 15 жылдан бери Кыргызстандагы БУУ ДАПтын эң ири стратегиялык донору бойдон калууда.

БУУ ДАПтан белгилешкендей, ишке ашырылып жаткан долбоорлор азык-түлүк коопсуздугун камсыздап гана тим болбостон, алыскы аймактардагы коомдук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жардам берип, жарандардын өз алдынча иш менен камсыз болуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда.

Scroll to Top