Чүйдө жаш эне ымыркайын 100 миң сомго, iPhone 12 Proго сатып жиберген

02.06.2023 | 16:02

Милиция бала сатууга байланыштуу кылмыштын бетин ачты.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 2-июнда билдиргендей, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 25 жаштагы кыз төрөлө элек баласын саткысы келип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси («Балдарды сатуу») менен каттоого алынган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 8 айлык боюнда бар 1998-жылы туулган С.З., 1996-жылы туулган Б.Ф. менен макулдашып, ымыркайды 100 000 сомго, “Айфон 12Про” үлгүсүндөгү телефонго жана Орусияга авиа билетине сатып жибергени белгилүү болгон.

Андан кийин «сатып алуучу» Ысык-Ата районунун жалпы дарыгерлик практика борборунун М.А. аттуу кызматкери менен макулдашып, анын атына жалган документ жасашкан. 20-майда райондук оорукананын төрөт үйүнө кош бойлуу аял кирип, “сатып алуучунун” аты менен кыз төрөгөн.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери бардык шектүүлөрдү милицияга алып келишкен. Ымыркйдын апасынан iPhone телефону алынган.

Кылмыш ишин сотко өткөрүү маселеси чечилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top