Рейтингдик мелдеш: Айпери Медет кызы финалга кантип чыкты (видео)

Рейтингдик мелдеш: Айпери Медет кызы финалга кантип чыкты (видео)

Балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдештин финалына чыкты.

Айпери Медет кызы бүгүн, 2-июнда мелдештин экинчи күнүндө таймашка чыгып, беттешти квалификациялык айлампадан баштады.

Биринчи кармашында ал казакстандык балбанды, андан кийин чейрек финалда украиналык спортчуну жеңип алды.

Жарым финалда Айпери Медет кызы кытайлык балбан кыздан күчтүү чыкты. Ал 6:3 эсебинде жеңишке жетти.

Эми Айпери Медет кызы алтын үчүн беттеште дагы бир кытайлык балбан кыз менен күрөшөт.

Финалдык беттештер саат 18:00до башталат.

Эскерте кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш 1-4-июнь күндөрү «Бишкек-Арена» муз аянтчасында болуп өтөт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык спортчу катышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>