«Жаштар арасындагы экстремизмге каршы аракеттер» аттуу иш-чара өттү

«Жаштар арасындагы экстремизмге каршы аракеттер» аттуу иш-чара өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Учурдагы Кыргызстандагы жаштар арасындагы экстремизмге каршы аракеттер» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 13-апрелде өтүп, ага окуу жайдын окутуучулук курамы, студенттер катышкан.

Тегерек столдун максаты жаштар арасында экстремизмдин жайылышын алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп эсептелет. Тегерек стол И. Арабаев атындагы КМУнун  жетекчилигинин демилгеси менен Коопсуздук Кеңеши жана Ички иштер министрлиги биргеликте уюштурушкан.

«Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелерди жаштар менен бирге талкулоону көздөгөн бул иш-чарага Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, президенттин администрациясынын Реформаларды иштеп чыгуу, мониторинг жана анализдөө бөлүмүнүн башкы эксперти Замир Турсунбеков, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Манас Аманбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов катышты. Алар Кыргызстандын экстремизмге жана терроризмге каршы жүргүзгөн мамлекеттик саясаты, ченемдик-укуктук актылары, бул багыттарда укук коргоо органдары, анын ичинде Ички иштер министрлиги тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын аягында студенттер менен келген коноктор арасында суроо-жооптор берилип, маектешүү болгон.

Соңунда университеттин ректору Айгүл Абдраева бүгүнкү иш-чарага келип, маалымдоо-агартуучулук иштерин жүргүзгөн катышуучуларга ыраазычылык каттарын тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>