Улукбек Бегалы уулу «Кыргызтасмасынын» директору болуп дайындалды

Улукбек Бегалы уулу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборборунун директору болуп дайындалды. Мындай чечимди Кинематография департаменти кабыл алганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жаңы жетекчи эмгек жамаатка тааныштырылды. Ошондой эле ата мекендик кино өндүрүшүн өнүктүрүү, кинопрокат системасын чыңдоо жана улуттук кинону жайылтуу маселелери артыкчылыктуу багыттар экени белгиленди.
Министрликтин маалыматында, Улукбек Бегалы уулу кино жана телепродукция тармагында тажрыйбага ээ. Ал продюсер, аткаруучу продюсер жана локациялык менеджер катары бир катар долбоорлорду, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрү менен биргелешкен эл аралык кинодолбоорлорду ишке ашырууга катышкан.
Эске салсак, үстүбуздөгү жылдын апрель айында «Кыргызтасмасынын» мурдагы директору Алмаз Түлекеев «Өч 2» көркөм тасмасына байланыштуу кызматынан алынган. Кинематография департаментинин комиссиясы аталган тасмада зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөр камтылганын билдирип, аны өлкө аймагында көрсөтүүнү токтотуу боюнча чечим кабыл алган.