Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери футбол боюнча мелдеш өткөрүштү — сүрөт

Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери футбол боюнча мелдеш өткөрүштү — сүрөт

Чүй районунун Молдовановка айылындагы №1- түзөтүү мекемесинин спорт аянтчасында Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын мекемелеринин өздүк курамынан түзүлгөн командаларынын беттеши болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Турнир 2021-2026-жылдарга карата “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы боюнча” мамлекеттик концепциясын ишке ашырууга, ошондой эле массалык-спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча ЖАКнын кеңири календардык планына ылайык уюштурулду.

Оюндун соңунда жеңүүчүлөр аныкталды. 1-орунду “Омега” атайын багыттагы отрядынын командасы ээледи. 2-орунду ЖАКнын борбордук аппаратынын оюнчулары алышты, ал эми 3-орун №24- мекеменин кызматкерлерине тийди.

Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана медалдарды ЖАКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиев тапшырды.

Ошондой эле ар кандай номинациялар боюнча да мыктылар аныкталды. Чабуулчулардын арасынан и/к улук сержанты Асанкануулу Таалай мыкты болсо, коргоочулардан ички кызматтын улук лейтенанты Термеев Таалай Качкымбекович табылды, дарбазачылардан болсо ички кызматынын улук лейтенанты Айбашалиев Канатбек Жусупович мыктысы болуп аныкталды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>