Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы журналисттерди куттуктады

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы журналисттерди куттуктады

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев журналисттерди бүгүн, 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

«Кыргызстандын массалык маалымат аражаттарынын кызматкерлерин Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм! Эске сала кетейин, бул дата өкмөттүн токтому менен 1993-жылдын 1-ноябрында, республикалык «Эркин Тоо» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинин биринчи саны жарык көргөн күндүн (1924-жылдын 7-ноябрь) урматына белгиленген.

Сиздер, журналисттер – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги менен катар чыныгы төртүнчү бийликсиздер. Сиздерди тарых өзү ушинтип атаган!

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы сиздин ишиңизди жана ЖАК адистери менен жемиштүү кызматташууңузду ар дайым жогору баалап келет.

Бул күнү жалпыга маалымдоо каражаттарын, биздин бардык өнөктөштөрүбүздүн асыл жана жоопкерчиликтүү иштери үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Чын ыкластуу репортаждар, очерктер, макалалар жана маектер үчүн. Чынчыл жана кадыр-барктуу кызмат үчүн.  Салмактуу жана жүйөлүү сөздөр үчүн!

Ар бир материалда тайманбас ойлорду, кызыктуу фактыларды жана талашсыз аргументтерди каалайм. Чыгармачылык ишмердүүлүгүңүзгө ийгилик жана маанилүү ишиңизге талыкпас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт, достордон колдоо жана албетте, чың ден соолук! Майрамыңыздар менен», — деп айтылат куттуктоодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>