Россияда баңгизат сатууга шектелип эки кыргыз жараны кармалды

Россияда баңгизат сатууга шектелип эки кыргыз жараны кармалды

Россиянын Волгоград шаарында кыргызстандык жарандар баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Россиянын ИИМнин сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, 24 жаштагы эки кыргызстандык жаран бир ай мурда Дзержинский районунда батирди ижарага алышкан. Алар шаардагы райондордо баңгизаттарды белгиленген жерлерге калтырып турушкан.

«Кармалган учурда шектүүлөрдөн курамында мефедрон камтылган салмагы 180 грамм болгон синтетикалык баңгизат алынган. Алар баңгизатты белгиленген жерге катып коюуга жетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Росиянын ИИМи билдиргендей, ижарага алынган батирди тинтүү учурунда салмагы 300 граммдан ашык мефедрон, таңгактоочу материал, тараза жана марихуана табылган.

Кармалгандарга карата «баңгизатты мыйзамсыз сатуу аракети» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мыйзамга ылайык, алар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>