Жээнбеков: Коррупцияга аралашкандар наамына жана кызматына карабастан жазасын алышы керек

Жээнбеков: Коррупцияга аралашкандар наамына жана кызматына карабастан жазасын алышы керек

Коррупцияга аралашкандардын бардыгы ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендиктерине карабастан жазасын алышы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алганда айткан.

«Мамлекеттик органдардагы коррупциялык тобокелдиктердин жаралышына өбөлгө боло турган көрүнүштөрдүн бардыгын толук жок кылганда гана коррупциянын азайгандыгы жана мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу кеп кыла алабыз. Антикоррупциялык заманбап механизмдерди ишке киргизүү жана аларды дайыма колдонуу иштери токтоп калбашы керек. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн так иштелип чыккан бир бүтүн тутуму гана бул зыяндуу көрүнүштөн арылууга жардам берет», — деген  мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, депутат Жанар Акаев парламенттин 20-майдагы жалпы жыйынында Байланыш агенттиктегинин айланасындагы коррупция маселесин козгоп, бул ишке Абылгазиевдин катышы болушу мүмкүн экенин айткан.

Өкмөт депутаттын билдирүүсүнө жооп кылып, анын айткандарын негизсиз деп атаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>