КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Жер астындагы шаар. “Old Bishkek” көп функционалдуу комплексинин курулушуна старт берилди
28.05.2025 | 16:29
Бүгүн Бишкекте жер астындагы “Old Bishkek” көп функционалдуу комплексинин курулушунун мезгил кутусун салуу аземи өттү. Иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев, “Ташболот Холдинг” ЖЧКсынын директору Назгүл Түлеева жана шаар тургундары катышты.

Маалым болгондой, долбоордун наркы 2 млрд сомду түзүп, жеке инвестициялардын негизинде “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компаниялары тарабынан ишке ашырылууда. Мэрия объектти 49 жылга ижарага берет.
Комплексте 220 унаага ылайыкталган жер астындагы токтоочу жай, жөө жүргүнчүлөр зонасы, 16 лифт, 12 эскалатор жана заманбап инженердик системалар каралган. Архитектуралык чечим тарыхый жана заманбап стилдерди айкалыштырат.
Курулуш эки жыл ичинде толук бүткөрүлөт. Жолдор 6-8 айда иретке келтирилип, иш уланат.
Рубрики: Жаңылыктар