Жер мафиясы: Ноокатта бийлик органдарында иштеген 4 адам кармалды

Жер мафиясы: Ноокатта бийлик органдарында иштеген 4 адам кармалды

Ноокат районунда айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн 30 гектардан ашык айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 4-июнунда Он-Эки-Бел айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.К.Э., жер маселелери боюнча мурдагы адис К.И.Э., Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы спикери, учурдагы депутаты К.Д.Т., жана Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы депутаты М.К.А. КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып коюлуп, ошол эле күнү Ош шаардык соту тарабынан 2022-жылдын 30-июнуна чейин КР УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Азыркы учурда бул кылмыш ишинин алкагында жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>