Жалал-Абадда самбо боюнча Азия чемпионун тосуп алышты

Жалал-Абадда самбо боюнча Азия чемпионун тосуп алышты

Бүгүн 9-июнда Жалал-Абаддын кире беришинде күжүрмөн самбо боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль уткан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын улук сержанты Бекболсун Керимбековду жана күмүш медалга ээ болгон «Динамо» спорт клубунун тарбиялануучусу Таласбек Нуралиевди тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Облустук милиция маалымдагандай, ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобеков, машыктыруучулар жана спортчулардын жакындары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө спортчулардын ийгиликтери облус үчүн чоң жетишкендик экендиги белгиленди. Алардын мындан кийинки боло турган дүйнөлүк чемпионатта биринчиликти багындыруусу, ал үчүн талыкпастан машыгып, кыргыз желегин бийиктерге желбиретүү тилектери айтылды.

Күжүрмөн самбо боюнча Азия биринчилиги 2-4-июнь күндөрү Ливан өлкөсүндө болгон. Бекболсун Керимбеков 98 кг салмакта, ал эми Таласбек Нуралиев +98 кг салмакта күч сынашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>