Жер тилкеңизге муниципалдык аймакка өтүп кеткенби? Эми аны мыйзамдаштыра аласыз

22.04.2024 | 17:20

Бишкектиктер  өзүнүн чарбагына кошуп алган шаардын жерин мыйзамдаштыра алышат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Ал үчүн Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен 3 жылга көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн ижара келишимин түзүлөт.

Арыз берүү үчүн документтердин тизмеси:

1. Паспорт (көчүрмөсү менен);
2. Техникалык паспорт (көчүрмөсү менен);
3. Жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (көчүрмөсү менен);
4. Сатуу-сатып алуу келишими (көчүрмөсү менен);
5. Белек кылуу келишими:
6. А4 форматындагы кошумча жер тилкесинин сүрөтү;

Кошумча суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине кайрылсаңыз болот: Шевченко көчөсү, 25, 4-кабинет. Байланыш телефону: 0312 45 56 53, 0312 97 91 95 (кошумча 4205).

Иштөө убактысы: 09:00дөн 18:00гө чейин.

Scroll to Top