Жер титирөө: Нарын жана Ысык-Көлдө канча имарат жабыркаганы айтылды

Жер титирөө: Нарын жана Ысык-Көлдө канча имарат жабыркаганы айтылды

Кыргызстандын аймагында 23-январда катталган жер титирөөнүн кесепетинен Нарын жана Ысык-Көл облустарында 21 социалдык мекеменин имаратынан жарака кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында, Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп райондорунда, Балыкчы шаарында жана Бишкек шаарында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча табигый кубулуштун кесепетинен жабыркаган имараттар бар. Учурда облустардын Жарандык коргонуу комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Ысык-Көл облусунун аймагында 18 социалдык мекеме жана 9 турак үй текшерилип, дубалдарынан майда жаракалар кеткени аныкталган. Ал эми эски 1 турак үй авариялык абалда.

Ошондой эле Нарын облусунун райондоруна Жарандык коргонуу комиссиялары тартылып, тактоо жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Облуста 3 социалдык мекеме, 6 үй жана 1 турак жайдын кире бериши текшерилди.

Жалпысынан эки облустан 21 социалдык мекеменин, 16 үйдүн дубалдарынан майда жаракалар кеткен жана 1 эски үй авариялык абалда жана бүгүн 11 үй Жарандык коргонуу комиссиясынын көзөмөлүнөн өтүүдө.

Мындан сырткары Чүй, Москва райондорунун 2 мектеби текшерилип, мектептин жаракалары жер титирөөгө тиешелүү эместиги аныкталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>