Аселдин кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовго бул аптада өкүм чыгышы мүмкүн

Аселдин кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовго бул аптада өкүм чыгышы мүмкүн

Сентябрь айында Селекция айылында болгон үрөй учурган кылмыш боюнча ишти кароо 26-январда Сокулук райондук сотунда улантылат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жабырлануучу Асел Ногойбаеванын жактоочусу Индира Саутова билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучу Азамат Эстебесовдун аракеттине карабай, кайра психологиялык экспертиза дайындалбайт.

«Ал сотто жин киргенин айтып, өзүн дагы өтө агресивдүү алып жүрүп жатат. Бирок анын кылмыш жоопкерчилигинен качуу бул аракети натыйжа бербейт. Төрт психологиялык экспертизанын жыйынтыгы бар. Анүстүнө сот жума күнгө жарыш сөздү дайындады. Демек бул аптада өкүм чыгып калышы мүмкүн», — дейт Индира Саутова.

Ишти кароо жабык өтүүдө, бирок өкүм ачык угузулат.

Сотко Асел Ногойбаева өзү катышпайт. Ал буга чейин мурдагы күйөөсүн өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылган. 

Эскерте кетсек, коомчулуктун үрөйүн учурган кырсык 2023-жылдын 20-сентябрында Селекция айылында болгон. Азамат Эстебесов беш жыл мурда ажырашкан Асел Ногойбаеванын батирине таң эрте кирип келип,  сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Кылмыш кичүү уулунун көз алдында болот.

Сокулук райондук соту Асел Ногойбаеванын өтүнүчү менен Азамат Эстебесовду аталык укуктан ажыратты.

Мурдагы аялынын кулак-мурдун кескен жаранды өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>