Корея Бишкек шаардык милициясына үч электромобиль берди

Корея Бишкек шаардык милициясына үч электромобиль берди

Бишкек шаардык милициясына кызматтык үч электромобиль тапшырылды, деп билдирди шаардык милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, унааларды Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновго салтанаттуу түрдө тапшырды.

«Электромобилдер ИИМ менен Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында, Бишкек ШИИББнын финансылык-техникалык жактан камсыз кылууну күчөтүү, туристтердин жана чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>