Жерде магнит бороону башталды

Жерде магнит бороону башталды

Жерде орто деңгээлдеги G2 магнит бороону башталды. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Физика институтунун лабораториясына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, күн планетасында С классындагы жеңил алоолону болгон. Илимпоздордун божомолу боюнча, дүйшөмбү күнгө карата магнит бороону он пайызды гана түзгөн.

Магнит бороонунун классификациялоодо G1ден G5ке чейинки, беш деңгээл бар. Жеңил бороон энергетикалык тутумдардын иштешиндеги анча-мынча үзгүлтүктөрдү жаратат, ошондой эле канаттуулар менен жаныбарлардын жер которуусуна таасирин тийгизери айтылат.

Ал эми катуу магнит бороонунун  кесепетинен кыска толкундуу байланыш жана навигация тутумдары үзгүлтүккө учурап, өнөр жай тармактарындагы байланыштар үзгүлтүккө учурайт.

Магнит бороону – Жердин магнит талаасынын күчтүү дүүлүгүшү. Мындай дүүлүгүү учурунда Жердин магнит талаасынын кадимки өлчөмү бузулуп, Магнит бороону бир нече сааттан бир нече суткага созулат. Ал Күн плазмасынын Жердин магнит сферасына келген күчтүү агымынын таасиринен Жер шарынын бардык бөлүгүндө пайда болот. Магнит бороонунун эң чоң интенсивдүүлүгү жогорку кеңдикте байкалат. Ал эскерткич, башталгыч, башкы жана калыбына келтиргич фазалардан турат. Магнит бороону магнит куюну деп аталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>