«Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүүгө кандай жардам берүүдө?

«Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүүгө кандай жардам берүүдө?

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 19-20-июнь күндөрү Талас облусундагы Жерүй алтын кенинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Депутаттарды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Энергетика министрлигинин жетекчилери, жергиликтүү бийликтин жана тоо-кен ишканаларынын өкүлдөрү коштоп жүрүштү. Алар жеринде «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, компаниянын кызматкерлери анда жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып беришти.

Жогорку Кенештин депутаты, Талас облусунун экс-губернатору Марат Мураталиев «Альянс Алтына» ишканасынын жетекчисине бизнести колдоо маселесине жана калкты иш орундары менен камсыз кылуу үчүн жаңы ишканаларды ачууга өзгөчө көнүл бурууну сунуштады.

Ошондой эле, ал Көгөй айылындагы оорукананы медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу боюнча жардам берүүнү өтүндү.

«Альянс Алтын» компаниясынын директору Сабир Рахматов депутаттарга Талас облусунун экономикасын жана социалдык тармактарын колдоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

“Бүгүнкү күндө биздин компанияда 1,2 миң ден ашык адам эмгектенет. Жыл сайын биз кызматкерлердин айлык маянасын 10%га көтөрөбүз. Талас облустук ооруканасына ушул жылдын сентябрь айында медициналык жабдыктарды алып келүүнү пландап жатабыз.

Учурда компания 187 социалдык программаларды ишке ашырды. Жакында эле Талас облусунда тигүүчү цех жана бала бакча ачылды.

Эми Талды-Булак жана Бекмолдо айылдарына кичи ГЭСтерди куруу пландарыбыз бар. Бул эң чоң долбоор, биз Дүйнөлүк банк жана башка институттар менен иштеп жатабыз. Эгерде кичи ГЭСтерди куруу эки жыл аралыгында бүтсө, «Альянс Алтын» компаниясы 100 миллион киловатт электроэнергия сатып алат”, — деди Сабир Рахматов.

Мындан тышкары «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчиси Талас облусунун экономикасына мультипликатордук эффект бере турган масштабдуу стратегиялык социалдык-экономикалык долбоорлорду сунуштады. Жерүй кениндеги бардык иштер Кыргызстандын мыйзамына жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо менен жүргүзүлүп келет.

“Жерүй кенинде кызматкерлердин 97%ы Кыргызстандын жарандары болуп саналат. Алардын 70%ы Талас облусунун тургундары. Бүгүн биз компаниянын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Ал мыйзамдын алкагында жана туруктуу иштеп жатыптыр”, — деди Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасы Азизбек Турсунбаев.

17-июнга карата алынган маалымат боюнча «Альянс Алтын» ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджетке жалпы 6,7 миллиард сом салык төлөдү. Анын ичинен алтынды сатуудан түшкөн кирешелердин ичинен 4,2 миллиард сом төлөдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>