Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келдиУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди
Жети айда «Google’га салыктан» бюджетке 496,5 млн сом түштү
04.09.2024 | 15:26
Быйыл 7 айда чет элдик компаниялар «Google’га салык» катары Кыргызстандын бюджетине 495 млн 584,4 миң сом төлөдү. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.
2023-жылдын 7 айына караганда «Google’га салыктан» түшкөн акча 2,4 эсеге көбөйгөн. Былтыр январь-июль айларында 205,3 млн сом чогулган.
«Google’га салык» Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөтүп, акча таап, бирок Кыргызстанда салык төлөөчү катары катталбаган чет элдик компаниялар тарабынан төлөнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом