ЖККУ жыйынына байланыштуу кээ бир жолдор убактылуу жабылат

ЖККУ жыйынына байланыштуу кээ бир жолдор убактылуу жабылат

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги жыйына байланыштуу 27-28-ноябрь күндөрү  Бишкекте жана Чүйдө бир катар унаа жолдоруна убактылуу чектөө коюлат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Делегациянын өтүү убактарында жабыла турган жолдордун тизмеси:

― «Манас» аэропортунан баштап Фучика көчөсү боюнча Жибек-Жолу проспектисине чейин;

― Фучика көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

― Жибек-Жолу проспектисинен Манас проспектисине чейин;

― Чүй проспектиси менен Манас проспектисинен Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин;

― Ж.Абдрахманов көчөсү менен Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;

― Манас проспектиси менен Ч. Айтматов проспектилеринен Мамлекеттик резиденцияга чейин.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, ИИМ жарандар менен шаардын конокторун түшүнүү менен кабыл алууларын суранат.

 Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка региондоруна учуп кетүүнү каалагандар жолдордогу тыгындарда калбас үчүн аэропортко жана бекеттерге эртерек келүүлөрүн суранат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>