Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Жогорку Кеңеш январда пландан 13 пайызга көп акча коротту
26.02.2024 | 16:11
Январь айында Жогорку Кеңештин чыгымдарына 83,8 млн сом сарптоо пландалган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматына таянып “Акчабар” жазды.
Бирок, парламенттин чыгашасы 13%га көп болуп, 94,7 млн сомго жеткен. 2023-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу Жогорку Кеңештин чыгымдары 10,5%га өскөн.
Белгилеп кетсек, парламент байланыш кызматтарын көбүрөөк колдоно баштаган, чыгашанын бул бөлүгү боюнча суммалар 98 эсеге көбөйгөн.
Ал эми иш сапарларга жана башка товарларга кеткен чыгымдар тиешелүүлүгүнө жараша 80% жана 99%га кыскарган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат