Кыргызстандык балбандар Ташкенттеги мелдеште 4 медаль утту

Кыргызстандык балбандар Ташкенттеги мелдеште 4 медаль утту

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбандар Ташкентте өткөн Uzbek botirlari Grand Prix эл аралык мелдешинде 4 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, байгелердин бирөө күмүш, үчөө коло.

Күмүш медалды 60 кг салмакта Акыл Сулайманов тагынган. Коло байгени Эрмек Каныбек уулу (67 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Нурмамат Раймалы уулу (97 кг) утту.

Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында катышты.

Uzbek botirlari Grand Prix-2024 эл аралык мелдеши 24-26-февраль күндөрү болуп өттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>