Жогорку Кеңеш Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды (РЕЗЮМЕ)

27.04.2022 | 12:45

Депутаттар тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн эл өкүлдөрү тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин карашты. Аны 71 эл өкүлү колдоду.

РЕЗЮМЕ

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган.

Билими: Москва Аскер институтун, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтун аяктаган:

Эмгек жолу:

1992-1996-жылдары – Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин экинчи катчысы, биринчи катчысы, кеңешчиси;

1996-1998-жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысы;

1998-2001-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кеңешчиси;

2001-2003-жылдары – Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү бөлүмүнүн башчысы, Тышкы иштер министринин орун басары;

2004-2007-жылдары – Шанхай кызматташтык уюмунун жооптуу катчысынын орун басары;

2007-2009-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси;

2009-2010-жылдары Кыргызстандын Кытай, Монголия жана Сингапурдагы элчиси.

Маалым болгондой, ал 2018-жылга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору болуп иштеген.

2018-жылдын октябрында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалган;

2021-жылдын августунда – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген;

2022-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Scroll to Top