Жогорку Кеңеште аялдардын саясаттагы орду талкууланды

Жогорку Кеңеште аялдардын саясаттагы орду талкууланды

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин имаратында “Кыргызстанда аялдардын саясий укуктарын ишке ашыруу: чакырыктар жана сунуштар” темасындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңешинин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин мүчөлөрү, ар кандай мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, илимий коомчулуктун жана гендердик маселелер боюнча эксперттер, журналисттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстандын саясаттагы аялдарга карата зомбулукту изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды. Мындан тышкары, аялдарга карата зомбулукту изилдөө жана ага каршы күрөшүү боюнча эл аралык тажрыйба боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде, Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Шарапаткан Мажитова бүгүнкү иш-чара Бүткүл дүйнөлүк аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча 16 күндүк кампаниянын алкагында өтүп жаткандыгын баса белгилеп, иш-чаранын актуалдуулугуна токтолду.

«Саясий чечимдерди кабыл алууда аялдардын катышуусу дагы эле чектелген жана эл аралык эталондон төмөн бойдон калып жатат. Бул маселени чечүү үчүн Жогорку Кеңеш жана президенттин администрациясы, эл аралык уюмдар өз деңгээлинде иш алып барып жатышат жана бизидин милдетибиз мындан ары да баарыбыз биргеликте аялдардын өлкөнүн жашоосундагы бардык позицияда укуктарын коргоо, саясатта ордун табууга шарт түзүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз деген ниетимди айткым келет», — деди ал.

Ошондой эле конференцияга онлайн режиминде ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Демократиялык башкаруу жана гендердик бөлүмүнүн башчысы (Варшава) Юлия Нетесова катышты. Анда ал ЕККУ аймагындагы өлкөлөрдүн тажрыйбасына токтолуп, уюм бир нече жылдан бери Жогорку Кеңештин өнөктөшү болуп келе жатканын жана аны менен биргеликте парламенттин техникалык, институционалдык жана эксперттик-аналитикалык потенциалын ар түрдүү тармактарда өнүктүрүүгө, анын ичинде гендердик теңчиликти камсыздоого, бардык аялдардын жана кыздардын укуктарын кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырып жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын саясаттагы аялдарга карата зомбулук: изилдөөнүн жыйынтыктары «Социалдык технологиялар агенттиги» уюму тарабынан Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) тарабынан каржыланган «Парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо шайлоо процесстеринин инклюзивдүүлүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>