Азимбек Бекназаров камакта калтырылды

Азимбек Бекназаров камакта калтырылды

Саясатчы Азимбек Бекназаров 2023-жылдын 23-февралына чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим бүгүн, 9-декабрда Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

“Азимбек Бекназаровго карата мурда тандалган Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2023-жылдын 23-февраль күнү саат 17:31ге чейин узартылды”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бекназаровго»Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>