Камчыбек Ташиев: Болот Темиров жалданма журналист

Камчыбек Ташиев: Болот Темиров жалданма журналист

Болот Темиров коомчулукка таанымал деле журналист эмес, чет элдик гранттарды алып бийликти коомго жаман көрсөтүүчү жалданма журналист. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге берген басма сөз жыйынында билдирди.

Ал, “мен Болот Темиров менен учурашып деле көргөн эмесмин, тааныбайм. Ал коомчулукта таанымал деле журналист эмес. Чет элдик гранттар менен иштегенин билем. Анын чыгарган маалыматтарынын 90 пайызы курулай жалаалар. Коомчулукка жакшы маалымат таратканын деле көрө элекмин. Мага байланыштуу чыккан иликтөөдөн кийин Болот Темировду кармап атат деген туура эмес. Ага эч кандай тиешеси жок”- деди.

Бишкек милициясы иликтөөчү журналист, Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналынын негиздөөчүсү Болот Темировду түнү менен кармады. Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал «Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө чыгарган. Бирок, Ташиев бул иштерге эч кандай тиешеси жок, карандай калп деп атаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>