Бишкек милициясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин урматтоо зарылдыгын эскерттиКонго Демократиялык Республикасында Эбола илдетинин эң ири очогу катталды20 млрд доллар: Жаңы «Асман» шаары кандай болот?Кытай Кыргызстандын суу чарба тармагына 370 даана техника беретКазакстанда 70 жылдан кийин алгачкы жолу жапайы жаратылышка жолборс коё берилди227 млн сом зыян: Башкы прокуратура гемодиализ боюнча кылмыш ишин козгоду
Жол кырсыгына кабылган Сокулук РИИБдин жетекчиси кызматтан алынды
09.12.2019 | 09:42
Бишкек ― Нарын ― Торугарт унаа жолунда жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы кызматтан алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.
Райондук милициянын башчысы Максат Чойбеков Mercedes Benz унаасы менен менен баратып, Mercedes Sprinter унаасы менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен Sprinter`дин айдоочусу жаракат алып, Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген.
Айрым маалыматтарга караганда милиция кызматкери мас абалында унаа башкарып баратканы айтылат.
Бул кырсык Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган. Учурда ички тергөө кызматы кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар