Жоламан Шаршенбеков Дүйнөлүк күрөш уюмунан $5 миң алат

Жоламан Шаршенбеков Дүйнөлүк күрөш уюмунан $5 миң алат

Грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнөлүк күрөш уюмунан 5 миң доллар алат. Бул тууралуу аталган уюм Instagram’дагы баракчасында билдирди.

Маалым болгондой, жыл дээрлик жыйынтыкталып, дүйнөлүк рейтинг өзгөрбөй тургандыктан, ар бир салмак ченинде алдыңкы үч орунду ээлеген спортчуларга акчалай сыйлык берилет. Ар бир салмак ченине 10 миң доллардан каралып, рейтингде биринчи орунда турган спортчу 5 миң доллар, экинчиси – 3 миң жана үчүнчү орундагы балбан 2 миң доллар алат.

Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков – Азия жана дүйнө чемпиону. Азия жана дүйнө биринчилигинин күмүш байгесин эки жолудан жеңген. Андан тышкары, бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси. Быйыл Сербияда өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгондон кийин дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлгөн.

Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болду – видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>