Жоошев: Атамбаевди абактан ич кийимчен сүйрөп чыккан видеосун көрсөтпөй жатат

Жоошев: Атамбаевди абактан ич кийимчен сүйрөп чыккан видеосун көрсөтпөй жатат

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди №47 колониядан ич кийимчен сүйрөп чыккан видеосун Жазаларды аткаруу кызматы Акыйкатчы менен Кыйноолорду алдын алуу борборуна көрсөтпөй коюшуптур. Бул туурасында Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Кызыл түс менен белгиленген корпустан Алмазбек Атамбаевды кечээ сүйрөп чыгышкан. Сары түс менен белгиленген жерде видеокамера орнотулган. Бүгүн 47-колониянын башчысынын орун басары видеону Омбудсмендин жана Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрүнө көрсөтпөй коюшуптур. Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев буйрук бериши керек — видеону коомго көрсөтүшсүн”- деди.

23-март күнү Алмазбек Атамбаевди Жазаларды аткаруу кызматы күч колдонуу менен сүйрөп, ич кийимчен абактан сотко алып келгенин адвокаты айтып чыккан болчу. Андан соң Жазаларды аткаруу кызматы бул дооматтарды четке каккан.

Алмазбек Атамбаевди ич кийимчен сүйрөп сотко алып барганбы? Жооп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>