Жумгалдагы «Соң-Көл» кинотеатры оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Жумгалдагы «Соң-Көл» кинотеатры оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы «Соң-Көл» кинотеатры капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 12-майда оңдоп-түзөөдөн өткөн кинотеатрдын ачылыш аземи болду. Иш-чарага Кинематография департаментинен директору Акжол Бекболотов, Жумгал районунун акими Адыбек Набиев, Кыргызстандын Кинематографистер уюмунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кино ишмерлери, киносүйүүчүлөр катышты.

«Кинотеатрдын ондоп-түзөө иштерине Жумгал районунун жергиликтүү өнүктүрүү фонду тарабынан 12,7 млн. сом жана Кинематография департаменти тарабынан 650 миң сом бөлүнүп берилди. Аталган кинотеатрдын жабдуулары жаңыланып, Жумгал райондук мамлекеттик кинодирекицясынын демилгеси менен 3D кичи залы да жасалып бүтүп, жергиликтүү тургундарга жана конокторго улуттук жана чет элдик тасмалары тартууланууда», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>