Жол кырсыкта каза болгон Айзанын өлүмү боюнча жаңы жагдай ачыкталды

Жол кырсыкта каза болгон Айзанын өлүмү боюнча жаңы жагдай ачыкталды

Бишкекте быйыл 9-январда унаа сүзүп кетип каза болгон 24 жаштагы Айза Улан кызынын өлүмү боюнча жаңы жагдай ачыкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Эскерте кетсек, кырсык 9-январда саат 07:10 чамасында Жибек-Жолу көчөсү менен Республика көчөсүнүн кесилишинде болгон. Айза Улан кызы жөө өтмөк менен өтүп бар жатканда, аны унаа сүзүп кетип, ал карама-каршы тилкеге кулап түшкөн. Ошол учурда аны экинчи унаа сүзүп, ал окуя жеринде каза болгон. Кырсык болгондон кийин айдоочу окуя жеринен качып кеткен.

Айза Улан кызы ИИМдин Академиясынын Квалификацияны жогорулатуу борборунун атайын алгачкы кесиптик даярдоо курсунун угуучусу болгон.

13-январда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен деп шектелип «Тойота» унаасынын 48 жаштагы У.Н. аттуу айдоочусу кармалганы кабарланган. Эртеси күнү анын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, ал үй камагына чыгарылган. Анын үй камагына чыгарылышы коомчулуктун сынына кабылган.

Башкы прокуратура билдиргендей, азыркы тапта бул ишти Бишкек шаардык прокуратурасы тергеп жатат. Учурда аталган жол кырсыкка шектүү катары У.Э. аттуу жаран кармалды. Ал буга чейин шектүү катары аталып келген У.Н. аттуу жарандын уулу болуп саналат. У.Н. өзүнүн уулун жоопкерчиликтен куткаруу үчүн кылмышты өз мойнуна алган. Ал мурда милиция кызматкери болуп иштегени белгилүү.

«Тергөөнүн жүрүшүндө, ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, жазык сот өндүрүшүн жүргүзүү боюнча теориялык билими жана тажрыйбасы бар У.Н., уулунун бул кылмышка катыштыгын жашыруу максатында, оорусу жана майыптыгы анын камакта кармалышына алып келбестигин билип туруп, кылмышты өзү жасагандыгы тууралуу көрсөтмө бергендиги жана ошону менен уулу У.Э.ни кылмыш жоопкерчилигине тартуудан сактап калууга далалат кылгандыгы аныкталган», — деп билдиришти прокуратурадан.

Маалым болгондой, У.Э. аттуу шектүү жоопкерчиликтен качуу максатында өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракеттенген. Ал прокуратура кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакк алынган.

«Учурда прокуратура тарабынан иш боюнча бардык жагдайларды аныктоого жана бардык тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган активдүү тергөө аракеттери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыкта каза болгон Айзанын жакындары адилеттикти талап кылат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>