Жумушка орноштурам деп алдамчылык кылган пакистандык кармалды

Жумушка орноштурам деп алдамчылык кылган пакистандык кармалды

Бишкекте алдамчылык менен алектенген Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга арыз менен чет элдик жаран кайрылган. Анда ал мекендеши андан 800 доллар алып, жумушка орноштурууну убадалап, бирок аткарбаганын айткан.

Аталган факты электрондук журналга катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары 20 жаштагы У.Х.нын өздүгү такталып, кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0701028326, 0777874411, 0701999914, 0551102347 телефондоруна же милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүүнү өтүнөт: 0701028328. .

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>