Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевге иш козголгон эмес, — ИИМ

Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевге иш козголгон эмес, — ИИМ

Мурунку ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын мурунку жетекчиси Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголгонбу? Мындай суроону Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Укук тартиби боюнча комитеттеринин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу ИИМдин өкүлүнө узатты.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев октябрь окуясы боюнча кылмыш иши козголгонун айтты.

«Иички иштер министрлиги Опумбаев менен Жунушалиевге кылмыш ишин козгогон эмес», — деди ал.

“УКМК иш козгодубу?” – деп сурады Коргонбай уулу.

УКМКнын өкүлү аларда кылмыш иши жок экенин айтты.

“Ал эми Башкы прокуратура тараптанчы? — деп тактады депутат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев белгилегендей, эки адамга кылмыш иши козголгон эмес, окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, Кашкар Жунушалиев – мурунку ички иштер министри, Орозбек Опубмаев — УКМКнын экс-төрагасы. Экөө тең Бишкектеги Октябрь окуясынан кийин издөөгө алынган.

2020-жылдын декабрь айында Жунушалиев менен Опумбаевдин ишин Аскердик прокуратура иликтеп жатканы кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>