Жүк-200: Сөөктү алып келүү үчүн 100 миң сом берүү сунушталды — видео

Жүк-200: Сөөктү алып келүү үчүн 100 миң сом берүү сунушталды — видео

Чет мамлекетте каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн берилген акчаны 100 миң сомго көтөрүү сунушталды. Бул боюнча маселени бүгүн, 9-сентябрда парламенттеги «Элдик» тобу жана «Альянс» фракциясынын жыйынында депутат Тазабек Икрамов көтөрдү.

Ал учурда сөөктү алып келүүгө 70 миң сом берилип жатканын айтып, инфляцияга байланыштуу берилген сумманы көтөрүү керектигин белгиледи.

«Инфляцияга байланыштуу өкмөт жеринен 100 миң сом берүү маселесин тез арада чечиши керек. Мен ушуну талап кылам», — деди ал.

Андан кийин депутат Эмил Жамгырчиев сөөктү алып келүүгө берилген акча боюнча Россиядагы диаспора өкүлдөрүнүн сунушун айтып өттү.

«Бүгүнкү күнү сөөктү алып келүүгө берилген акча 70 миң сом болуптур. Диаспора өкүлдөрү 70 миң сом жетерин айтты. «Мамлекеттин шарттарын жакшы түшүнөбүз» дейт. Бирок ошол акчаны бюрократия жолу менен берип жатканын билдиришти. Маселен, бир жарандын жакыны каза болсо, өлүм тууралуу күбөлүк андан кийин жакындарынан ишеним кат керек экен. Кан кусуп, көз жашын төгүп ыйлап жатса, кагаздар менен жүрүш керек болот экен», — деди ал.

Анын айтымында, диаспоранын сунушу боюнча тиешелүү келишим түзүлүп, жаран каза болгондо, туугандарына 70 миң сом алар тарабынан берилет. Керектүү документтер топтолгондон кийин, алар акчасын кайтарып алат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>