Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Жыл башынан бери 1300дөн ашык жол кырсыгы болуп, 110 адам көз жумду
25.03.2025 | 10:52
Жыл башынан бери Кыргызстанда 1300дөн ашык жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыктардын айынан 2000ге жакын адам ар кандай жаракат алып, 110 киши көз жумган.
Ал былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл жол кырсыктары көбөйүп жатканын билдирди. Жол кырсыктарынын 91%ы айдоочулардын күнөөсү менен болууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом