Жыл башынан бери аялдардын ишкердигине 73 кепилдик берилди

Жыл башынан бери аялдардын ишкердигине 73 кепилдик берилди

2022-жылдын башынан бери Кепилдик фонду тарабынан аялдардын ишкердигине дээрлик 145 миллион сом суммасында 73 кепилдик берилди, бул 628 миллион сом өлчөмүндөгү кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу “Кепилдик фонду” ААК билдирди.

Кепилдик фонду иштей баштагандан бери 800дөн ашык ишкер 1,06 миллиард сомдон ашык суммага кепилдик алышкан, ал эми насыянын суммасы 3,7 миллиард сомдон ашык сумманы түздү.

Мындан тышкары, 105 миллион сомдон ашык насыя алууда курулуш бизнеси менен алектенген аялдарга 30 миллион сомго жакын кепилдик колдоо көрсөтүлгөн.

Бизнеси транспорт кызматтарын көрсөтүү менен алектенген аялдар 47,3 млн сом, «Кепилдик фонд» ААКнын колдоосу менен 15 млн сомдон ашык суммада насыя алышкан.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, юридикалык жак катары катталган чакан жана орто ишканалардын жетекчилеринин арасында аялдардын үлүшү чакан ишканаларда 30%ды, орто ишканаларда 43,5%ды түзөт. Жеке ишкерлердин арасында аялдардын үлүшү 35%ды, дыйкан чарбаларынын жетекчилеринде 19,6%ды түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>