Манас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылдыЭки күн ичүүчү суусуз: Бишкекте 21- жана 22-апрелде пландык өчүрүүлөр болот
Дыйкан-фермерлерге 3,2 млрд сом насыя берилди
02.09.2023 | 14:30
Быйыл жыл башынан бери «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге 3 млрд 260 млн 898 миң сомго 7 миң 261 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган долбоор боюнча өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориялары боюнча насыя берилген.
Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 850 млн 568 миң сомго 2 миң 31 насыя:
– “Айыл Банк” ААКсы – 474 млн 273 миң сомго 1 миң 106 насыя;
– “РСК Банк” ААКсы – 376 млн 295 миң сомго 925 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча 2 млрд 410 млн 330 миң сомго 5 миң 230 насыя:
– “Айыл Банк” ААКсы – 1 млрд 174 млн 630 миң сомго 2 миң 499 насыя;
– “РСК Банк” ААКсы – 1 млрд 235 млн 700 миң сомго 2 миң 731 насыя.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз