Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Жыл башынан бери пенсияны төлөөгө 36,4 млрд сом сарпталды
05.09.2022 | 16:30
Быйыл сегиз айда Кыргызстанда пенсияны төлөөгө 36 млрд 441,6 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Август айында пенсияны төлөө үчүн 4 млрд 566,6 млн сом жумшалган.
Аймактар боюнча алганда сегиз айда төлөнгөн пенсия:
– Бишкек — 5 млрд 885,5 млн сом;
– Чүй облусу — 5 млрд 503,5 млн сом;
– Нарын облусу — 2 млрд 896,1 млн сом;
– Ысык-Көл облусу — 3 млрд 309,2 млн сом;
– Талас облусу — 1 млрд 508,6 млн сом;
– Ош — 1 млрд 304 млн сом;
– Ош облусу — 6 млрд 680,7 млн сом;
– Баткен облусу — 3 млрд 84 млн сом;
– Жалал-Абад облусу — 6 млрд 270 млн сом.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом