Элвира Сурабалиева Эдил Байсаловго жооп кайтарды

Элвира Сурабалиева Эдил Байсаловго жооп кайтарды

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловго парламентте жооп кайтарды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттары айыл-чарба реформаларына каршы чыгып, тоскоолдуктарды жаратып жатат деп социалдык түйүндөрүнө жазып жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан алдамчылык менен жасалган тизмелерди ( Ред:арзан пайыз насыялары боюнча тизме) ачыкка чыгарып берген биз, депутаттар реформаларга тоскоолдук кылып жатабызбы? Депутаттарга шылтап, ошол митингди уюштурган айыл-чарба министрлигине кайрылат элем, эртеңки күнү арзан насыяларга жетпеген фермерлердин тизмесин түзүп министрликтин алдына чыгарып берсем уят болуп калат. Депутаттарды кечигип атат деп күнөөлөбөсүн. Бир жыл мурун жакшы башталган президенттин долбоорун аяктаарын 2 ай калганда, өзүнүн жакындарынын тизмесин түзүп алып парламентке алып келген уят. Аны депутаттар жокко чыгарып бердик. Эртеси депутаттарды күнөөлү деп өзүнүн коррупциялык иштерине бизди аралаштырбасын. Жазгы талаа иштерине залакасын тийгизген бул  (Ред. Айыл-чарба министри Аскар Жаныбеков) министр жетекчиңер өзү болот. Элдин алдында күнөөсүн башкага оодарбасын”— деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>